
Өлкө аймагында Абхазиянын номерлери менен жүргөн унааларга рейд башталды. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынан тастыкташты.
Аталган кызматтын маалымат катчысы Жаманак Мүсүркановдун «Т-Медиага» билдиришинче, рейд ЕАЕБге кирген өлкөлөрдүн кызматташтыгынын негизинде жүрүүдө.
«Абхазиянын номерлери менен жүргөн унаалар Россиянын аймагындагы өткөрмө пункттардан убактылуу деп жаздырып чыгышат. Ошол көрсөтүлгөн мөөнөттө чыкпаса алар тараптан издөөгө алынат. Чыккан унаалар боюнча маалыматтар бизге жиберилет. Ал жактын унааларын албагыла дегенге карабай, жасалма документ менен 3-жактарга өтүп кеткендер да бар. Рейддин жүрүшүндө ал унаалардын өлкөгө кандай жол менен, канча убакка келгени, башка жагдайлары иликтенет», — деди Мүсүрканов.
Бүгүн Абхазиянын номерлери менен жүргөн унааларга текшерүү жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда тараган. Анда айдоочулар ал жактан келген машиналарды албоого чакырышкан.
Оставьте первый комментарий