Кытай Кыргызстанга жардам катары Sinopharm вакцинасын жиберет

Кыргызстанга эртең 19-мартта Кытайдан мамлекеттик жардам катары 150 миң доза Sinopharm вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат жыйынында иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

«Биз бир ай мурун эле министрликтин буйругу менен эмдөөгө даярданып баштаганбыз. Эртең Кытайдан sinopharm вакцинасы келиши күтүлүп жатат. Ал март айында бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан башка AstraZeneca, Pfizer вакциналарындай эле каттоодон өткөнү турат. Бул биз үчүн анын коопсуздугуна кепилдик болот»- деди Ишенапысова.

Анын айтымында өлкөдө вакцинация боюнча улуттук программа иштелип чыккан. Ага ылайык, вакциналар алып келингенден соң эмдөө этап-этабы  менен жүргүзүлө баштайт. Ал үчүн өлкө аймактарында убактылуу эмдөө пунктарын ачуу пландалып жатат.

Биринчи этапта: Бишкекте төрт, андан соң Ошто эки жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун, Кант шаарында жана Сокулукта убактылуу эмдөө бөлмөлөрү ачылат.

«Эмдөөдөн баары ыктыярдуу түрдө өтөт. Алгач эл арасында көп жүргөн медиктер, мугалимдер, андан соң өнөкөт оорусу барлар жана 65 жаштан өйдө курактагыларга сайылат»-деди Ишенапысова.

Эмдөө кандай жүрөт?

Вакцинация үчүн атайын иштелип чыккан программанын негизинде ар бир эмдөө пунктунда бир күндө 60 адамга гана вакцина сайуу пландалган. Жарандардын коопсуздугу үчүн эмделгенге чейин алгач алардын дене табы текшерилип, толук медициналык көзөмөлдөн өтөт. Вакцина сайылгандан соң күтүү бөлмөсүндө 30 мүнөт дарыгердин көзөмөлүндө болуп, андан кийин гана үйүнө чыгарылат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*