Аскерлердин массалык кургак учук жуктуруусу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 жоокердин кургак учук жуктуруп алуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ушул жылдын 16-мартында 12 аскер кургак учук оорусу менен ооруп, Бишкек шаарынын кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган.

Факт боюнча Жазык кодексинин шалаакылык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиондук экспертизалар дайындалып, жыйынтыктары күтүлүүдө. 

Ушул тапта, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам каза тапкан, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган.

Кыргызстанда кургак учукка кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

2017-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстанда мурда бул дартка кабылгандардан тышкары биринчи ирет 5 616 адамдан кургак учук аныкталган.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*