
Соңку сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарында 2 бейтап көз жумду. Илдетти дагы 96 адам жуктуруп алды. Ошол эле учурда 53 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Бишкек — 43;
Ош — 2;
Чүй облусу – 35;
Ош облусу — 3;
Талас облусу — 0;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу — 0.
Айыккандар:
Бишкек – 29;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 0.
Былтыркы жылдын 18-мартынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 87 239 кишиге жетти. Анын ичинен айыккандар 84 084. Тилекке каршы, каза болгондор 1487.
Учурда стационарда 400 бейтап дарыланууда. Анын 108и оор, 20сы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 324 бейтап жатат.
Оставьте первый комментарий