Ош: Дөөлөт Сыдыков үч күн манас айтууну баштады

Ош шаарында бүгүн 19-мартта Дөөлөт Сыдыковдун үч күн манас айтуусу башталды.  Саамалык «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде өтүүдө. 

Уюштуруучулардын айтымында иш-чара «Манас» эпосун жана кыргыз каадасын дүйнөгө жайылтуу максатында демилгеленип, Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланган. 

«Бул тарыхыбызды, эпосубузду дүйнө жүзүнө таанытуу максатында уюштурулуп жатат. Ош мэриясы керектүү чыгымдарды көтөрүп жардам беребиз»-деди Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов.  

Эске салсак, буга чейин Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында Бишкекте 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*