Салык кызматы пара алууга шектелген кызматкерлерин жумуштан бошотту

Бишкекте пара алууга шектелип УКМК тарабанын кармалган эки салык кызматкери жумушунан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары менен Ленин райондук салык башкармалыгынын инспектору кызматтарынан бошотулушкан.

«Аларды бошотууга пара алуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалышы негиз болду», —деп айтылат маалыматта.

УКМК аталган 2 салык кызматкерин 240 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Алар акчаны салык төлөөдөн баш тартууга жардам бергени үчүн сый акы катары талап кылышкан. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жасалма документтерди да жасашканы кошумчаланган.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*