
Өзгөн шаарынын эки тургуну белгисиз адам тарабынан атылган октон жараат алып, каза тапты. Учурда адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча окуя, кечээ 19-мартка караган түнү болгон. Саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө 21-31 жаштардагы үч жаран өз автоунаасында жол четинде токтоп турган. Ошол учурда жанына белгисиз машина келип айдоочунун жана жүргүнчүнүн орундугунда олтурган тургундарды тапанча менен атып, качып кетишкен.
Октон жаракат алган эки жаран 3:35 чамасында Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган бейтапкананын директору Сатар Жусуповдун «Т-Медиага» билдиришинче ооруканага жабырануучулардын жансыз денеси алынып келинген.
«Бизге саат 3-4 чамасында келди. Жансыз денени алып келишти. Бири башынан, бири көкүрөгүнөн жаракат алган экен»- деди Жусупов.
Аталган факт боюнча Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү 9- пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иштери башталды. Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам- тергөө тобу түзүлүп тийиштүү иш алынып барылууда.
Оставьте первый комментарий