Баткенде жеке менчикке өтүп кеткен мүлк «Айдаркен Сымап» коомуна кайтарылды

Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан 10 миллион сомдон ашуун суммадагы мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. 

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, акциясы мамлекеттин менчигинде болгон «Айдаркен сымап» акционердик коомунун 2,3га жер тилкеси жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктөр жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз токтомунун негизинде 2003-жылы жеке менчикке өтүп кеткен. 

«Прокуратура жогорудагы токтом жана мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында бардык соттук инстанциялар тарабынан жер тилкени жеке менчикке ажыратып берүү жөнүндөгү укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтер жараксыз деп табылган» , — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, 2021-жылдын 25-февралында кыймылсыз мүлктөр кайрадан «Айдаркен Сымап» акционердик коомунун менчигине кайтарылган.

«Айдаркен Сымап» акционердик коому 1967-жылы курулуп, иштей баштаган. Бирок, 2008-жылы токтоп калган. 10 жылдап иштебей турган фабрика 3 жыл мурун кайрадан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, иштей баштаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо