Өзгөндөгү атышуу. Кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды

Өзгөн шаарында 2 адамдын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө, шектүү катары ошол эле шаардын тургуну 24 жаштагы Х. А кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмышка шектүүнүн калган шериктерин кармоо иштери жүрүүдө.

Эске салсак, кечээ  19-мартка караган түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшкөн. Бирок экөө тең эсине келбей көз жумган.  Милиция каза болгондорду олтурган унаасында атып кеткендигин маалымдаган. Кийин шектүүлөрдүн унаасы менен куралы табылган. 

Окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине («Киши өлтүрүү») ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган.

 

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*