Ошто көктөм майрамы белгиленди
Ош шаарында бүгүн 21-мартта Нооруз майрамы белгиленди. Саамалыкка карата борбордук аянтта чоң концерттик программа жана аш фестивалы уюштурулду. Ошондой эле аянтка төрт боз үй тигилип, улуттук тамак-аш, сүмөлөк коюлган жарманке болду.
Көктөм майрамына арналган иш чарага жүздөгөн шаар тургундары келген. Калаа мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышышып, элди майрам менен куттуктап өттү.

" Былтыр 2020-жылы эпидемиологиялык абалдан улам Нооруз белгиленбей калган. Быйыл жакшы ниет менен шаардыктар жана шаар конокторуна майрамдык маанай тартуулоо үчүн кечетен бери майрамды белгилеп жатабыз. Жалпы элибизди кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктайм"- деди шаар мэри Таалайбек Сарыбашов.
Нооруз майрамына арналган иш чарада алгач эле аш фестивалы уюштурулду. Мында дээрлик 100 кг аш басылып, элге таратылды.
Мындан сырткары аянтта улуттук каада-салт, үрп-адаттарды чагылдырган театрлаштырылган көрүнүштөр тартууланды.
Ага улай калаада ар аптанын ишемби күндөрү уюштурулуп жаткан азык-түлүк жарманкеси да улантылды. Бул жолу арзан баада сатылып жаткан азыктарга улуттук тамак аштар жана сүмөлөк кошулган.
Ошондой эле, улуттук кол күрөш, ордо, балбан күрөш, аркан тартыш сыяктуу спорт оюндары боюнча мелтештер уюштурулду.
Иш чаранын соңунда катышуучуларга сүмөлөк таратылды. Белгилей кетсек, кечээ шаардын бир нече жеринде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.