Акыркы мөөнөт 1-апрель. Салык кызматы декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алат

Салык кызматы түнкү саат 12 ге чейин иштей баштады. Бул декларация кабыл алуу үчүн 1-апрелге чейин уланат. 

Мекемеден билдиришкендей, салык декларациясы эртен менен саат 09.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат. Иш убактысында жетишпей калган салык төлөөчүлөр үчүн аны 18.00дөн кийин тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

— жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;

— менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;

— юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*