Ошто район башчыларын аттестациялоо башталды. Ал кандай тартипте өтүүдө?

Бүгүн, 23-мартта Ош облусунда район башчыларынын билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерген аттестация башталды. Ага жалпы 19 киши катышып, биринчи этаптан Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Замирбек Жапаров өтпөй калды. 

Аттестациялоонун башында катышуучуларга алгач компьютердик тестирлөө дайындалган. Мында эң көп баллды Чон-Алайдын акими Өскөнбай Мамажакыпов менен Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Мехринса Жороева алган. Ал эми компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Замирбек Жапаров 50 пайыздык босогодон кем балл алып, аңгемелешүү баскычына өтпөй калды.

Тестирлөө кандай тартипте өтөт?

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн аким жана анын орун басарлары 50 пайыздык босогодон кем эмес балл топтоого тийиш. Негизги тестте район башчыларынын жалпы мыйзамдар боюнча билими сыналат. Ошондой эле предметтик жана логикалык тест да бар. Аттестациянын жүрүшүнө президенттин, өкмөт аппаратынын жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү бар 11 адамдан турган атайын комиссия көз салып турат. Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришинче аттестациялоо ачык-айкын өтүп, район башчыларынын андан ары иш алып барышы анын жыйынтыгына көз каранды болот.

«Аттестациялоонун жыйынтыгы менен үч түрдүү чечим кабыл алабыз. Эгерде берилген суроолорго жакшы жооп берип, жакшы иштешин тастыктаса ээлеген кызматынан дагы жогорулатууга сунуш кылынат. Ошондой эле, комиссиянын жыйынтыгы менен ээлеген кызматына шайкеш келет же келбейт деген чечимдер кабыл алынат» — деди Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев.

Район жетекчилерин аттестациядан өткөрүү Ош облусунда эртең, 24-мартта жыйынтыкталат. Акыркы баскыч болгон аңгемелешүүгө бүгүнчө үч район башчылары катышты. Эртең Чоң-Алай, Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат районун жетекчилери катышат.

Кыргызстанда акимдерди аттестациядан өткөрүү 11-мартта Нарын облусунан башталган. Баткенде 15-16-март, Жалал-Абад облусунда 17-18-март күндөрү өткөрүлгөн. Ушул жылдын 29-январында президент Садыр Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” чыгарган жарлыгына ылайык, аларды кызматка дайындоо аттестациялык жана конкурстук негизде кадрлар резервине киргизүү аркылуу каралат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1235 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*