Ошто уурулукка шектелип мектеп окуучулары кармалды

Ошто Сулайман-Тоонун айланасында жаш жигиттерди коркутуп телефондорун тоноп жүргөн төрт окуучу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. 

Шектүүлөр 21-мартта кармалган. Милициянын маалыматына караганда алар, 17 жаштагы Кара-Суу районунун мектеп окуучулары.

«Балдар Кара-Суудан атайын адам тоноо үчүн Ош шаарына, Сулайман-Тоого келишип, жалгыз жүргөн, алсызыраак жаш жигиттерди тандашып, төртөөлөп коркутушуп, кол телефондорун алып тоноп турушкан. Коркутуу үчүн оюнчук темир тапанчаны пайдаланышкан. Алар классташ 2004-жылы туулган балдар. Бүгүнкү күндө бул жаш жигиттердин үстүнөн 4 арыз келип түшкөн«-деп айтылат маалыматта.

Кармалган балдардан башка жарандарга таандык эки «Айфон» жана бир «Редми» үлгүсүндөгү кол телефондор чыккан. Учурда тоноо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөр жаш экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1235 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*