Оштогу унаа базардын жанынан жансыз дене табылды

Ош шаарында унаа базардын жанында бир нече жараты бар жансыз дене табылды. Бул туурасында бүгүн 23-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жансыз дене бүгүн эрте менен саат 8:00 чамасында Көкүм-Бий көчөсүндө табылган. Маркумдун денеси медициналык экспертизага берилилген. Азырынча анын эмнеден жаракат алып каза болгону аныктала элек.

«Денесинин ич бөлүгүндө  үч тешик бар. Ал октон алган жаракатпы же бычакталганбы белгисиз. Азырынча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Дагы толук маалымат беребиз»- деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов.

Милициянын маалыматы боюнча маркумдун жашы болжол менен 30-35 жашта. Анын үстүндө күрөӊ түстөгү свитер, көк түстөгү спорттук шым болгон. Кыска сакалчан.

Бул факт «адам өлтүрүү» белгилери менен Ош ШИИБнин кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр изделүүдө.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1235 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*