Бабановго козголгон кылмыш иштери токтотулду. Ал казынага 100 млн. сом төгөт

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду. Ал өз ыктыяры менен мамлекеттик казынага 100 млн. сом төкмөй болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Бабановдун аракеттеринде мамлекеттин, ошондой эле жарандардын кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугунан кабыл алынган. Ошондой эле, Бабанов мамлекеттик бюджетке өз ыктыяры менен 100 миллион сом которууга келишим түзгөн.

Эске салсак: Өмүрбек Бабанов январь айынын башында УКМКга сурак берип чыккан. Бирок кайсы иш боюнча суралып жатканы ачыкталган эмес. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алгандан кийин ошол жылдын октябрында өлкөдөн чыгып кеткен.

2018-жылы саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен ачылган.

2019-жылы Бабанов өлкөгө кайтып келген соң бир нече жолу УКМКга жана Финполго сурак берип чыккан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*