COVID-19: Вирус дагы 115 адамдан табылды, эки киши көз жумду

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 115 адамдан аныкталды, Бишкекте эки бейтап каза болду.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында  — 66 жана Чүй облусунда — 42. Ош шаары менен Нарын облусунда экиден учур жана Ысык-Көлдө үч бейтаптан илдет аныкталды. Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарында оору жуктургандар жок.

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 652ге жетти, каза болгондор — 1492 адам.

Бир күндө ооруканалардан 51 адам айыгып чыкты. Ушуну менен илдетти жеңгендердин жалпы көрсөткүчү — 84 339.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4222 адамга жетти, алардын 4195и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*