Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө качан башталат?

Сүрөт: Президенттин маалымат кызмат/Султан Досалиев

Социалдык тармактарда “Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцина алуу ишин токтотту жана 2-3 күндүн аралыгында коронавируска каршы вакциналар келет” деген маалымат тарап жатат. 

Жергиликтүү басылмалар маалыматты аталган министрликтин кызматкерлерине шилтеме берип жазышканын көрүүгө болот.

«Т-Медиа» редакциясы бул маалыматты текшерүүнү чечти.

Буга чейин коронавируска каршы вакцина март айында Кыргызстанга алынып келинип эмдөө башталары кабарланган.

16-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Марал» радиосуна интервью берип, 2-3 күндө коронавируска каршы вакцина келе турганын, эмдөө апрель айынын башында жасалышы мүмкүн экендигин билдирген.

«2-3 күндө вакцина алып, четинен эмдөө процессин баштайбыз. Бирок вакцина талаш оокат болуп жатат. Аларды сынап көрүп, жыйынтыктары менен таанышып, вакцинаны тандап алууга мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда жаңы чыгып жаткан вакциналардын өнүмдөрүн алып чыгууга убакыт керек болууда. Орусиянын вацинасынын 10 млн. дозасы гана чыкты, алар 100 миллион калкын эмдеши керек. Мүмкүнчүлүктөр чектелүү болууда»,- деп билдирген Үсөнбаев.

Бирок ал вакциналар качан келээри тууралуу так маалымат берген эмес.

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан эмдөөдөн кечиккен жалгыз мамлекет

Тажикстан

Коңшу Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө 23-мартта башташталганын жергиликтүү басылмалар өлкө президентинин басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыгышты. Эмдөө калктын аялуу катмарынын арасында этаб-этабы менен жүргүзүлөт.

Казакстан

Казакстанда 1-февралдан тарта Covid-19га каршы «Спутник V» россиялык вакцинасы менен жалпы эмдөө башталды. Анын биринчи этабында медицина кызматкерлери эмделет. Андан кийин мугалимдер, полиция жана аскер кызматкерлерин өтөт.

Вакцинация ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Февраль айында 112 миң доза, мартта 150 миң, ал эми апрелден июнга чейин ай сайын 600 миң дозадан алып келинип турат. Ошондой эле апрелде Казакстанда чыгарылган QazCovid-in препараты менен 75 миң доза көлөмүндө иммундаштыруу башталат. Андан кийинки айларда 500 миңге көбөйтүлөрү айтылат.

Өзбекстан

Өзбекстанда коронавируска каршы массалык эмдөө Нооруз майрамынан кийин башталып, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVAX программасынын алкагында Индиядан Ташкентке COVID-19га каршы 660 миң доза COVISHIELD вакцинасы жеткирилген. Бул вакцина Оксфорд университети менен «AstraZeneca» компаниясы өндүрүп жаткан вакцинага окшош, бирок аталышы башка. 

Түркмөнстан

3-февралда Ашхабад шаарындагы медицина кызматкерлерине коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын биринчи дозасы сайылган. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, эмдөө ай башында башталганы менен медиктердин басымдуу бөлүгү вакцина ала элек. 

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Кыргызстан

Кытай өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын акысыз берди. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөнү ушул апта ичинде баштаганы жатат. Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Т-Медиага» билдиргендей, бул вакцина 75 миң кишини эмдөөгө жетет.

“Кытай менен келишимдин негизинде 150 миң доза «Синофарм» компаниясынын вакцинасы келди. Биринчи этапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, реанимацияда, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, андан кийин мугалимдер эмделет. Буга чейин вакциналарды күтүп, улуттук пландарды жана буйруктарды иштеп чыкканбыз. Азыр эми Россиянын вакцинасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”.

Ишенапысова билдиргендей, катардагы жарандар бул 150 миң доза боюнча планга азырынча кирбейт. Эмдөөнүн биринчи этабында медициналык кызматкерлер, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана тейлөө чөйрөсүндө жана коомдук тамактануу жайларында иштегендер эмделет.

Экинчи этабында 60 жаштан жогорку курактагы адамдар, өнөкөт оорусу бар 60 жашка чейинки адамдар жана калктын аялуу катмарлары эмделет.

Ал эми үчүнчү этабында массалык эмдөө башталат. Ал ыктыярдуу түрдө болот.  Калган жарандар үчүн коронавируска каршы вакцинаны чет мамлекеттерден алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Маалыматка караганда, Орусиянын Гам-КОВИД-Вак вакцинасы келиши мүмкүн. Аталган вакцина Кыргызстанда ушул жылдын 23-февралында каттоодон өткөн

Жыйынтык. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө марттын аягында башталат. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо