
“ПЧР-тесттин баасы төмөндөйбү?” Дал ушундай аталыш менен maralfm.kg сайты жаңылык жазып чыкты. Анда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ПЧР-тесттин баасын төмөндөтүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
«ПЧР-тесттердин баасын арзандатуу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин астында да бир топ жыйындар өткөрүлдү. Бирок реактивдер чет жактан алынып келингендиктен, тесстин баасын төмөндөтүүгө азырынча мүмкүнчүлүк болбой жатат. Жеке менчик лабораториялардан арыз түшсө, лицензия берүү боюнча чакырыктарды жайып жатабыз. Лаборатория көбүрөөк болсо, атаандаштык жаралып, тесттин баасынын төмөндөшүнө шарт түзүлөт», — деп билдирген Үсөнбаев.
“Т-Медиа” маалыматты текшерип көрдү.
ПЧР-тесттерди кайсы лабораториялар жасайт?
Кыргызстанда коронавирусту аныктоо боюнча 15 лаборатория иш алып барууда. Анын 12си мамлекеттик — алар облустардагы жана шаарлардагы санэпид борборлорунда жайгашкан. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары “Бонецкий”, “Аква” жана “Гемотест” жеке менчик клиникаларына да коронавирустун анализин алууга уруксат берген. Баасы — 2500 сом.
Аталган министрликтин Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториялар бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жумаканова билдиргендей, Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгуу үчүн COVID-19 илдетине текшерилүүнү мамлекеттик лабораториялардын ичинен экөө жүргүзүп жатат. Алар — Бишкетеги Фрунзе көчөсүндө №535 үйдө жайгашкан вирусологиялык референс-лаборатория, экинчиси — Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош шаарындагы улуттук лабораториясы. Анализ тапшыруунун баасы 1574 сомду түзүп, жыйынтыгы үч тилде 6-8 сааттын ичинде чыгат.
“Бул баа чет жакка чыккандар үчүн гана. Ал эми Кыргызстандын ичиндеги жарандарга акысыз. Жеке менчик лабораторияларда 2400-3000ге чейинки баа коюшат. Анын ичине тесттерди, керектүү материалдарды, жабдуулардын амортизациясы, электр энергия жана кызматкерлердин акысын киргизет болуш керек. Ал эми мамлекеттик лабораторияларда жабдыктардын амортизациясы, эмгек акы сыяктуу чыгымдарды киргизген жокпуз. Бизде чыгым ПЧР-тест сатып алууга жана анализдерге керектүү 18 чыгаша материалдарга кетет. Кыргызстанда тест өндүргөн ишкана жок, башка өлкөдөн сатып алабыз. Анын үстүнө чек аралар жабык, товарды өндүргөн компаниялар биринчи кезекте өз өлкөсүндөгү лабораторияларды камсыздайт экен”, -дейт Айгүл Жумаканова.
Анын айтымында, өлкөдө 2020-жылдын 27-январынан баштап анализ алына баштаган. Ошол күндөн бери 800, 4 миң ПЧР-анализ жүргүзүлгөн.
«Бааны төмөндөтүүгө негиз жок»
Монополияны жөнгө салуу агенттиги болсо ПЧР-тесттин баасын төмөндөтүүгө негиз жоктугун “Т-Медиага” билдирди. Мекеменин башчысы Сагын Маматоморов жеке менчик лабораторияларга бааны түшүрүү боюнча административдик ресурс боло берсе, алар кызмат көрсөтпөй коюшу мүмкүн деп чоочулайт. Ал ПЧР-тесттин наркы башка мамлекеттерде салыштырмалуу Кыргызстанда арзан экенин белгилеп, мындан ары бааны көтөрбөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнү айтат.
“Жеке менчик клиникаларга биз баа коё албайбыз. Өздөрү чечет. Аларды көзөмөлдөгөнгө дагы, баа койгону да биздин ыйгарым укуктарыбыз жок. Жеке менчик лабораториялар атаандаштыкка жараша ээн-эркин өздөрү билип иш алып бара берет. Аларда деле чыгым бар да — кызмат акы, дары-дармекке кеткен акча, имараттын ижара акысы, салык төлөшөт. А мамлекеттик лабораторияларга 1540 сомдон коюп бергенбиз. Анын ичинен алардын кызмат көрсөтүүсүнө болгону 80 сом эле коюлган. Калганы дары-дармекке кетет. Анын баары сырттан келет. Бааны төмөндөтүүгө негиз жок. Мындан нары көтөрбөө боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшүбүз керек. Башка мамлекеттерде бизге караганда кымбат”, -деп жооп берди Маматоморов.
ПЧР-тест кайсы өлкөдө канча турат?
Көпөгөн өлкөлөр чек арасын ачып, чет элдиктерге кирүүгө уруксат бергени менен ар бир кишиге коронавируска ПЧР-тест тапшыруу талабын коюуда.
Казакстан
Коншуларда ПЧР-тест тапшыруунун акысы былтыркы жылдын март айынан бери бир жарым эсеге арзандаган. Мурда 20 миң теңге турган анализ, азыр 6500 теңгеге (1309 сом) тапшырса болот. Жыйынтыгы 72 саатка чейин жарактуу болуп саналат. Ал эми тездетилген анализдин баасы — 15 000 теңге (3022 сом).
Өзбекстан
Ташкентте ПЧР-тест тапшырууну каалагандар 140 миң сум (1120 сом) төлөшү керек. Жыйынтыгын 24 сааттын ичинде чыгарып беришет.
Орусия
Орусияда бир кишинин тест тапшыруусу үчүн 2 300 рубль керек (2 600 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 24-72 сааттын ичинде даяр болот.
Түркия
Стамбул шаарында коронавируска тест тапшырууга туура келсе, капчыкта 250 лираңыз (2691 сом) болушу керек. Жыйынтыгын 24 сааттын ичинде аласыз. Аэропорттордо төрт сааттын ичинде даярдап беришет.
Жыйынтык: ПЧР-тесттин баасы төмөндөрү далилденген жок. Мамлекет жеке менчик клиникага баа коё албайт.
Оставьте первый комментарий