Парламентте жаңы депутат Айбек Осмонов ант берди

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеӊеште «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Айбек Осмонов ант берип, өз депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал аталган фракцияга маркум депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келди.

Айбек Осмоновго Борбордук шайлоо комиссиясы 14-мартта мандат тапшырган.

Жаңы депутат «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бирок бул партия шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен. Учурда партиянын негиздөөчүсү катары он адам көрсөтүлгөн, ал эми аны Матраимовдордун тарапташы, депутат Мирлан Бакиров жетектейт.

Мындан тышкары ал жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат — анын ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.

Кийинчерээк Айбек Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*