
Жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук аймактык ооруканасынын дарыканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, аталган дарыкананын имараты колдонулбай жаткандыктан 2009-жылы Кыймылсыз мүлктү башкаруу комитетинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгы сатып алуу укугу менен ижарага берүүгө уруксат берген. Анын негизинде дарыкананы С.Хуснутдинов аттуу жаранга ижарага берген. Ал киши кийинчерээк 220 000 сомго биротоло сатып алмак болгон.
Бирок бул аракеттер мыйзамсыз деп табылып, аталган буйрукту жокко чыгаруу боюнча 2017-жылы прокуратура тарабынан Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыз келтирген. Арыз сот тарабынан канааттандырылып, ушул жылдын 10-мартында сатып алуу-сатуу келишимдерин жараксыз деп табуу жөнүндөгү буйрук чыккан. Натыйжада Сокулук аймактык бейтапкананын дарыканасынын 72,2 чарчы метр жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылды.
Оставьте первый комментарий