
1- мартта «Фейсбук» социалдык тармагында пандемия шартына карабай, 1 жылда 880 митинг, нааразычылык акциясы катталганы тууралуу маалымат пайда болду.
Биздин редакция бул кабардын чын-бышыгын текшерип көрүүнү чечти.
Роза Акматжан кызы аттуу колдонуучу комментарийине митингдер тууралуу сюжеттердин шилтемесин калтырган.
Анда митингдердин саны кайрадан өскөнү айтылып, анын экономиканын, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө тийгизген таасири тууралуу кошулуп, эксперттердин пикири берилген. Нааразычылык акциялардын саны боюнча маалыматта ИИМге шилтеме берилген.
Биз Ички иштер министрлигинин маалымат кызматына байланышып көрдүк. Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, республика аймагында 2019-жылы 620, ал эми 2020-жылы 880 наарызычылык акциялары катталган. Анын ичинде бир гана митингдер эмес, жалгыз адам чыккан нааразычылык акциялары да кирет.
Жыйынтык: Акыркы беш жыл ичинде 2020-жылы эң көп нааразычылык акциясы катталган. Ага өлкөдөгү пандемия да жолтоо боло алган эмес.
Оставьте первый комментарий