
Лейлек районунун «Коргончо» чек ара аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан эки автоунаа кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылган. «Хюндай-Старекс» үлгүсүндөгү автоунаалар жасалма мамлекеттик номурда жүрүшкөн. Аткезчилик жол менен 8 тонна күйүүчү май чек арадан чыгарылып бараткан. Учурда бул фактыга тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Кыргыз өкмөт башчысынын 2-марттагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан күйүүчү майды ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизилди.
Оставьте первый комментарий