
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Озгур айылындагы кароосуз калган мектепти 27 000 сомго аукционго коюп сатып жиберген. Жергиликтүү тургундар имараттын аукционго коюлганынан кабардар болбогонун айтышып, «сынакка биз да катышмакпыз» деп нааразы болушууда.
Тургундардын пикиринде, эски мектептин ордуна айылдын жаштары футбол аянтчасын курмак. Бирок имаратты жери менен кошо айыл өкмөт башчынын тууганы сатып алган. Жергиликтүүлөр учурда аукциондун жокко чыгарылышын талап кылышууда.
«Озгур айылында эски Ак-Буура орто мектеби бар болчу. Көп жылдан бери пайдаланылбай кароосуз турат. Жакында эле аны айыл башчы аукцион аркылуу гезитке чыгарыптыр. Аны биз билбепбиз. Гезитти азыр эч ким окубайт экен. Мектепти бузуп баштаганда билип атпайбызбы. Бул жерге жаштар жабык футбол аянтчасын куруп баштаган элек, газондорун алып койгонбуз. Айыл өкмөт башчы тымызын аукцион кылып, өзүнүн ордуна бирөөнү катыштырганы элдин нааразычылыгын пайда кылып атат да. Айыл аксакалдары, жаштар топтолуп, «Аукциондон канча сомго сатып алсаңар ошол чыгымды топтоп берели, мектепти ордунда калтыр» дегени жатабыз. Мектеп 27 миңге аукционго коюлуп, 23 миң сомго сатылган. Биздин божомолубуз боюнча ал жерде 70-80 миң даана кирпич бар. Анын ар бирин базар баасында 4-5 сом деп эсептеп атабыз. Аукционго биз деле катышмакпыз, 100 миңдей каражатыбыз бар болчу», -дейт айыл тургундары.
«Бала бакча куруу үчүн жерди бошоттук»
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Зулпукар Мазаев «Т-Медиага» аукцион мыйзам чегинде өткөнүн билдирди. Анын айтымында, мектептин имараты бала бакча куруу үчүн сатылган. Мазаев жергиликтүүлөрдүн «тууганына саткан» деген маалыматын четке какты.
«Аукцион тымызын өткөн жок. Бир ай гезитте жарыя болуп турду. Имаратты көз карандысыз байкоочулар баалашат. Аукционго үч адам жазылган. Бирөө келбей калды, экөө катышты. Имарат 60-жылдары курулган. Канча жылдан бери жараксыз болуп каралбай жаткан жер. Ал жерге биз 60 орундуу бала бакчага долбоор даярдап, эки жылдан бери курулушун баштай албай турабыз. 3,5 млн. сом бөлүп койгонбуз. Ал эми «аукционго тууганы катышты» деген маалымат жалган. «Айылга бала бакча курулуп калсын» деп аракет кылсаң ушинтип тоскоолдук жаратышат. Озгурда ушул күнгө чейин бала бакча жок. Муктаждык болсо күч. Мен чогулушта болуп калган үчүн кечээ жер адистери, орун басарым барып эл менен жолугуп келишкен. Эки-үч күндө бала бакчаны тендерге беребиз».
Озгур айылынын жарымы Ош шаарына, калганы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө карайт.
Оставьте первый комментарий