
Өкмөт үйүнүн алдында ушу тапта жүздөн ашуун адам чогулуп турат. Алар өзүлөрүн Бишкектин четиндеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары экенин, курулган үйлөрүн мыйзамдаштыруу маселеси 15-16-жылдан бери чечилбей жатканын айтууда.
Митингчилер колуна «»ТЭЦ-2» конушун мыйзамдаштырып бериңиз”, “Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет”, «»ТЭЦ-2» конушунда 6000ден ашуун карапайым эл жашайбыз” деген жазууларды кармап турушат жана президент Садыр Жапаровго кайрылган ураандарды айтып жатышат.
Акцияга чыккандардын айтымында, азырынча аларга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек.
Бишкектин четинде элүү чакты жаңы конуш бар. Алардын көпчүлүгүнүн инфраструктуралык маселеси чечилген эмес жана курулган үйлөрдүн документи жок.
Оставьте первый комментарий