Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштайт. Даректери

Кыргызстанда 29-мартта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу бүгүн 25-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. 

Маалыматка карганда учурда вакциналар Ош шаары жана Чүй облустарындагы эмдөө пункттарына жеткирилип жатат. Эмдөө үчүн Кытайдын SinoPharm (Синофарм) вакцинасы колдонулат.

«Иммунизация боюнча илимий-техникалык топтун адистери вакцинага документтерди камдап жатат. Республиканын бардык аймактарында медицина кызматкерлерин окутуу боюнча тренингдер өтүүдө» — деп айтылат мааалыматта.

Вакцинация алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусундагы төмөнкү эмдөө пункттарында жасалат:

  • Бишкек шаарында 5 пункт ачылды. Алар: төрт Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлору жана №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чүйдө Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
  • Ошто №8 жана №10 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет. Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Күттүргөн вакцина

19-мартта Кытай өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы 150 миң доза «Sinopfarm» вакцинасын акысыз берген. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө март айынын аягы, апрелдин биринчи күндөрү башталарын кабарлаган.

«Синофарм»- коронавирус инфекциясына каршы Кытайда алгачкылардан болуп жактырылган вакцина. Ушул тапта аталган препаратты өз өлкөсү активдүү пайдаланууда. Аны бир катар Бириккен Араб Эмирлиги, Түркия, Өзбекстан, Бахрейн сыяктуу 65 мамлекетте 12 миллион киши алган. Аны 2-8 градус жылуулукта үч жылга чейин сактоого болот.

Препарат активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) коронавирустун негизинде жасалганы маалым. Бул вакцина жаратуудагы эң ынанымдуу ыкмалардын бири. Буга дейре ушул эле технология боюнча, маселен, дифтерияга, В түрүндөгү гепатитке, полиомиелитке жана көк жөтөлгө (коклюш) каршы вакциналар чыгарылган. Вакцина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кароосуна жөнөтүлгөн. Аны өзгөчө кырдаалдын шартында колдонулчу дары-дармектердин тизмесине каттоо үчүн тиешелүү чечим март айында чыгышы күтүлүүдө.

Буга чейин Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын алмак. Бирок, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө дуушар болгон учурлар катталгандыктан андай учурлардын чыныгы себептери аныкталгыча вакцинаны алып келүү убактылуу токтотулган. Муну министр 18-мартта билдирген.

​Кандагы тромбдор AstraZeneca вакцинасынан келип чыккандыгы тастыктала элек. Фактчек

Автор Наргиза Анарбай кызы 1487 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*