
Борбордук шайлоо комиссиясына Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга үгүт жүргүзүүчү 15 топ катталды. 24-мартта алардын акысыз эфир убактысы бөлүштүрүлгөнүн БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда 12 — «макул» жана 3 «каршы» үгүт жүргүзүүчү топ катталган. Алар 11- апрелге дайындалган референдумга 25-марттан 9-апрелге чейин мамлекеттик телеканалдарда макул же каршы добуш берүү үчүн үгүт жүргүзөт.
Үгүт топторунун обого чыгуу убактысы:
КТРК телеканалында үгүт топторунун жеке сүйлөө эфири 25-марттан 5-апрелге чейин иш күндөрү болот. Мында күнүнө беш топко 10 мүнөттөн эфирдик убакыт берилип, саат 23:00дөн 23:50гө чейин обого чыгат. Ал эми «ЭлТР»телеканалында үгүт топторунун эфири 25-1-апрель күндөрү саат 20:00 — 20:45ке чейин болот.
Ошондой эле төрт макул бир каршы тобунун дебаттары коомдук биринчи каналда 6-9-апрелде саат 23:00 -24: 00кө чейин болот. «ЭлТР» телеканалында 2синен 9на чейин саат 20:00дөн 21:00гө чейин чыгарылат.
Эске салсак, Конституциянын жаңы мыйзам долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган.
Айрым депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, бир ай ичинде коомдук талкуу өткөрүү талабы сакталбаганын, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүү жана кабыл алуу процедурасы бузулганын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу жок экенин, парламенттик угуу болбогонун белгилешкен.
Кыргызстанда 11-апрелде референдум менен бирге жергиликтүү кеңештерге да шайлоолор өтөт.
Оставьте первый комментарий