
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматынан тастыкташты.
«Т-Медиа» Мадамин Каратаев менен байланышып көрдү. Ал кызматтан кеткенинин себебин жаштарга жол бошотуу менен түшүндүрдү.
«Структурага кирип жаткан өзгөрүүлөрдөн улам болду. Биз Нурболот Үсөнбаев экөөбүз тең кеттик. «Жаштарга жол бошотолу» деп чечтик. Алар да иштесин», — деди Каратаев.
Мадамин Каратаев бул кызматты 2018-жылдын июнь айынан тарта ээлеп келген. Нурболот Үсөнбаев пандемия учурунда, 2020-жылдын апрель айында дайындалган.
Эске салсак, премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн 2021-жылдын 12-февралындагы No38 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жаңы түзүмүн бекитүүгө жана реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна кол койгон. Ага ылайык, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин базасында түзүлгөн.
Оставьте первый комментарий