Жалал-Абадда жаңы унаа базары ишке кирди

Сүрөт: Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 25-мартта жаңы муниципалдык унаа базары ачылды. Аянты 3,5 гектар базар шаарга караштуу Спутник кичирайонундагы Манас көчөсүндө жайгашкан. 

Мурда бул жер пайдаланылбай эле турган тилке болгон. Шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Т-Медиага» билдиргендей, базарда тейлөө кызматтары да иштейт.

«Унаа соодасы жаңы базарда жүрүүдө. Бүгүн кирген унаалар үчүн акы алынган жок. Азырынча толук шарт түзүлүп бүтө элек. Базарды калыбына келтирүүгө шаардык казынадан 10 млн сом бөлүнгөн. Расмий ачылышы толук кандуу бүткөндөн кийин болот. Азыр базардын тегереги бүт тосулуп чыкты. Алдыда асфальт төшөө, навес куруу жана машиналардын кирип чыкканынаэлектрондук тосмолорду коюу иштери калды. Эки айдын ичинде бүтүп калат деп пландап жатабыз». 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*