26-мартка карата коронавирус 100 кишиден аныкталды

Өткөн суткада COVID-19 инфекциясын дагы 100 адам жуктуруп алды. Ошол эле учурда 62 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Чүй облусу — 46;

Бишкек шаары — 45;

Ысык-Көл облусу — 5;

Ош шаары — 2;

Жалал-Абад облусу — 1;

Баткен облусу — 1;

Нарын 0;

Ош облусу 0;

Талас 0.

Ал эми Бишкек шаарында  36, Чүйдө 23, Ош шаарында 2, Нарында 1 бейтап айыгып чыкты. 

Былтыркы жылдын 18-мартынан бери COVID-19 инфекциясынын 87 858 учуру катталды. Анын ичинен айыккандар 84 469 адам. Каза болгондордун саны 1494.

Учурда ооруканада 505, амбулатордук дарыланууда 446 бейтап жатат. Алардын ичинен 136сы оор, 19у  өтө оор абалда.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*