Эки күн мурун Орусиядан келген. Ошто бийик көпүрөдөн боюн таштаган кыз каза болду

Видеодон скриншот алынды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында жардан секирген 26 жаштагы кыз мерт болду. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. 

Окуя кечээ, 25-мартта кечке жуук Төлөйкөн айыл аймагындагы Дача деген жерде жайгашкан көпүрөдө жүз берген. Аширбаев кабарлагандай, көпүрөнүн үстүндө турган кызды эс алууга барган тургундар көрүп калышкан. Алардын бири кызды куткарууга аракет жасаганда, ал боюн таштап жиберген. Окуяны видеого күбөлөрдүн бири тартып алган. Маркум Орусиянын жараны болчу.

«Кыз былтыр май айында ОшМУнун медицина факультетин аяктаган экен. Октябрда Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 24-март күнү Ошко учуп келген. Алдын ала маалымат боюнча жигити менен таарынышып кеткен. Ошол жерде эс алып жүргөндөрдүн бири кызды куткарып калуу үчүн жанына жеткенде, ал боюн таштап жиберген».  

Окуя Жазык кодексинин 136-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда иш козголуп, сотко чейинки териштирүү башталды.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*