Ошто жаш футболчулардын «Элдер достугу» эл аралык мелдеши өтүүдө. Сүрөт баян

Ош шаарында 23-марттан бери Асылбек Момунов атындагы «Каганат» футбол академиясында «Эл достугу» эл аралык футбол турнири өтүүдө. Анда «Каганат», «Каганат 2», «Дордой», «Абдыш-Ата», «Илбирс», СДЮШОР, Өзбекстандан «Спартак» жана Тажикстандан «Хожент» командалары катышууда.

Жалпы 8 команда катышкан мелдеште, 10-11 жаштагы жаш футболчулар ойноп жатат. Аталган турнирде бүгүн 26-мартта жаанга карабай «Каганат» жана Тажикстандын «Хожент»командалары ойноду. Жаш футбол сүйүүчүлөрүнүн оюнундагы айрым учурларды биздин сүрөттөрдөн көрүңүз.

Сүрөт: Даяна Данияр кызы

Белгилей кетсек, мелдеш Асылбек Момуновдун элесине арналып Кыргызстандын Футбол федерациясы, «Каганат»  клубу жана жаш футболчулардын ата-энелеринин уюштуруусу менен биринчи жолу өтүп жатат. 23-мартта башталган оюн, 28-мартта жыйынтыкталат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*