Оштогу айрым май куюуучу жайларда бензин калбай калды

Соңку эки күндөн бери Оштогу айрым май куюуучу жайларда бензин жок. Сатуучулар мунун себебин  күйүүчү майга болгон баанын кескин көтөрүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Биздин редакция Ош шаарындагы бир нече бензин куюуучу жайларды кыдырып көрдү. Кээ бир жерлерде бензин түгөнүп, сатылбай калганына 1 жума болуп калган. Ал эми кызматкерлер бензиндин эмнеге жоктугун билбестигин айтышат.

«Бензин жок. Бир жума болуп калды. Эмнеге жок экенин билбейбиз», — деди кызматкерлердин бири.

Аталган май куюуучу бекетинин бириндеги администратор күйүүчү майды алып келбей жатышканын себебин Орусиядан кымбат келип, аны эл көтөрө албай жатканы менен түшүндүрдү. Бензиндин келиш же келбеши боюнча азырынча маалыматы жоктугун айтты.

24-мартта Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин Жогорку Кеңеште Кыргызстанда 289 млн тоннага жакын нефтинин запасы бар экенин айткан. 

«Ал эми мунайга болгон керектөө 1 миллион 300 миң тоннаны түзөт. Андыктан өлкөдө жакын ортодо күйүүчү май таңкыстыгы жаралбайт, абалдан чыгуу үчүн кыргыз бийлиги сырттан чийки мунайзат ташып келип кайра иштетүүнү көздөөдө», — деген ал.

Эске салсак, марттын башында Баткенде бензин жоктугунан май куюуучу бекеттерде узун кезек пайда болгон видеолор тараган. Ошол кезде айрым интернет колдонуучулары жана айдоочулар «Бензин сыртка ташылып кетип жатат» деген пикирлерин билдиришкен. Мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов 1-мартта басма сөз жыйын куруп бензиндин баасы 5-8 сомго чейин кымбатташы мүмкүндүгүн айткан.

Марттын ортосунда улуттук статистика комитети өлкөдө февралдан, март айына күйүүчү майдын баасы 11,5 %га жогорулаганын жарыялаган.

Ушул тапта Ош шаарында АИ-95 бензини 49 сом 30 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 46 сом 90 тыйын болууда.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*