Ташиев: кыргыз-өзбек чек арасы толук чечилди

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100 пайызга чечилди. Бул тууралуу бүгүн 26-марттагы маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал белгилегендей, мындан ары ортодо талаштуу жер тилкелер болбойт.

«Өтө оор маселелерди карадык. Эч кандай талаштуу жер калган жок. Эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин сегиз миң гектер жер Кыргызстанга жазылды. Баары бүттү», — деди Ташиев.

Эске салсак, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топ 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*