УКМК башчысы: Марат Аманкулов жарым акчаны төгүп бүттү

Бүгүн 26-марттагы маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев өлкө бюджетине бүгүнкү күндө жемкорлук менен күрөшүүдөн 4 млрд сом түшкөнүн айтты.

«Жакында бир сот  70 млн сом төктү. Марат Аманкулов бир бөлүгүн которду. Толук канча төккөнүн дагы  айтабыз. Бардык каражаттарды финансы министрлигине жөнөтөбүз. Кайсыл жакка жумшаганды, колдонушту алар өздөрү билет. Мен кайда колдонулуп жатканын билбейм», — деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, жакында атайын кызмат депутат Марат Аманкуловго каршы иш козгогон жана ал буга чейин каражаттын бир бөлүгүн төлөп берген. Ал эми Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен 100 миллион сом салым кошкон. 

Бабановго козголгон кылмыш иштери токтотулду. Ал казынага 100 млн. сом төгөт

 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*