УКМК: Саламаттыкты сактоо министрлигинде ири коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус пандемиясы учурунда медициналык каражаттарды сатып алууда коррупциялык фактыларга жол бергенин маалымдады.

Атайын кызматтын бүгүн, 26-мартта тараткан маалыматына караганда, министрлик өткөн жылдын май айында эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу 1,8 миллион долларга желдеткич аппараттарын сатып алууда бааларды негизсиз жогорулаткан.

Билдирүүдө 1,8 миллион долларга алынган 67 жасалма желдеткич аппараттын базар баасы 600 миң долларды түзгөн. Анын ичинен ар бири 30 миң доллардан сатып алынган 40 даана желдеткичтин баасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 долларын түзгөн.

Мындан тышкары 2020-жылдын күз мезгилинде желдеткич апараттарын сатып алууда дагы коррупциялык фактыларга жол берилген.

«Сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарга ылайык 27 жасалма желдеткич аппараттарынын даанасын 25 миң долларга сатып алышкан. Бирок алардын базар баасы 10 миң доллардан ашпайт. Ушундай эле абал медициналык мекемелерге концентраторлорду жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы байкалууда», -деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен иш козголду.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*