
27-мартта жергиликтүү басылмаларда Казакстандын Алматы шаарында коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммдары аныкталганы тууралуу маалымат пайда болду.
“Т-Медиа” бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти.
Кыргызстандык басылмалар жаңылыкты Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшиндин казакстандык сайттарга берген интервьюсуна таянып жазышкан. Анын айтымында, жаңы штаммдар коронавирустун буга чейинки түрлөрүнө салыштырмалуу жугуштуу, 70% тез жайылат.
“Башкача айтканда, бул инфекция тез жайылат. Бүгүнкү күндө Алматы “кызыл” зонада. Быйыл шаарда коронавирус жугузган 12 800 киши аныкталды. Мутацияланган штаммдын циркуляциясынан улам оору жугузгандардын саны көбөйдү. Акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгып, британиялык жана түштүкафрикалык штаммдарына мүнөздүү мутациялар аныкталды”, -деп билдирген Бекшин.
Казакстанда коронавирустун тез жайылуучу штаммдары катталганы чын. Бул тууралуу 28-мартта коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланган.
Коронавирустун жаңы түрү дүйнөнү каптады
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жаңы түрлөрү дүйнө жүзүнө жайылып жатканын кабарлады. Британияда чыккан штаммы 125 өлкөгө тараган.
Уюмдун башкы техникалык адиси Мария Ван Керкхов билдиргендей, вирустун жаңы түрүн алып жүргөн адам орто эсеп менен 1,5 адамга жугузат. Мурунку штаммды алып жүргөн бейтап орточо эсеп менен 1,1 адамга жугузат.
ДССУнун адистери ошондой эле вирустун бул түрү катуу ооруп, өлүмгө алып келүү коркунучу бар экенин белгилешти. Маалыматка караганда, 2020-жылдын октябрынан январь айына чейинки аралыкта британиялык штаммды 55 миң киши жугузуп алган. Коронавирустун буга чейинки штаммынан каза болгондор 0,25%ды түзсө, жаңы түрүндө өлүмдүн көрсөткүчү 0,41 пайызга жеткен.
Ал эми Түштүк Африкада табылган түрү 75 мамлекетке тараган. ДССУ бул штамм баштапкыдан да кооптуу экенин эскертти.
Эмне кылуу керек?
ДССУнун маалыматы боюнча, вирус канчалык мутацияланбасын, социалдык дистанция жана маска кийүү, колду дезинфекциялоо сыяктуу негизги алдын алуу чаралары дагы деле болсо коргонуунун негизги жолдору болуп саналат.
Жыйынтык: Казакстанда коронавирустун жаңы түрлөрү катталганы чын.
Оставьте первый комментарий