Милиция тигүү цехинин жанындагы окуяны териштире баштады

Бишкекте тигүү цехинин жанында болгон окуяга байланыштуу «Ээнбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, алты адам милицияда сурак берди. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя ишембиге караган түнү Ош базарынын жанындагы Бейшеналиева атындагы көчөдө болгон. Милицияга арыз жазган аял белгисиз адамдар тобу тигүү цехине барып, ал жерде тигилүүчү товарды Орусияга экспорттогон тажик жарандары менен иштешүүнү токтотууну талап кылганына даттанган.

«Дордойдогу» соодагерлер менен ишкерлер ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бир нече тигүү цехинин иши үзгүлтүккө учураганын «Азаттык» жакында кабарлаган. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган тажикстандык ишкерлердин «Дордойдогу» соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгону айтылган.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*