
Бүгүндөн тартып Кыргызстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Вакцинациялоо азырынча үч аймакта гана болот. Эмдөө ыктыярдуу жүрүп, баштапкы этапта медицина кызматкерлери гана алат.
Кыйладан бери күтүлүп жаткан коронавируска каршы эмдөөнү Кыргызстан бүгүн, 29-марттан тартып расмий баштады. Кытайдын “Синофарм” вакцинасын азырынча Ош, Бишкек шаарлары жана Чүй облусундагы медициналык кызматкерлер алып жатышат. Эмдөөнү алгачкылардан болуп саламатык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштап берип, жалпыны коронавируска каршы вакцинациядан өтүүгө чакырды.
«Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене табы бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен саламаттык сактоо министри жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем».
Ал эми Ошто биринчилерден болуп Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Санталат Орозбаева менен Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташболотов вакцина алды. Алар экинчи борбор калаага 600 доза вакцина келгенин белгилеп, жалпы 1500 медицина кызматкери тизмеге киргенин билдиришти.
«Кечээ 600 доза вакцина келди. Андан тышкары атайын машиналарыбызды Бишкекке жөнөткөнбүз. Аны менен да вакциналар келет. Так саны азырынча белгисиз. Ал эми 600 дозадан медиктер баш болуп биринчи этапта алдык. Киийнки этапта эл менен тыгыз иштешкен мугалимдерибиз, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бериле баштайт», -дейт Кыялбек Ташболотов.
«Алгач поликлиникада иштеген медицина кызматкерлери, инфекционистер, кабыл алуу, жандандыруу бөлүмдөрү жана Санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери алышат. Себеби коронавируска шектелип келген бейтаптарды биринчи кабыл алгандар мына ушулар», -деди Ош шаардык эмдөө борборунун жетекчиси Булбул Уметова.
Азыр Ошто №1 жана №10 үй-бүлөлүк медицина борборлору вакцинация үчүн даярдалып, эмдөөдөн өтчүүлөр атайын түзүлгөн жадыбалга ылайык вакцина ала башташты. Эмдөөгө келгендерге өзунчө кирип-чыкчу жол каралып, ичинде да социалдык аралык сактаган белгилер коюлган. Вакцинациялоо ыктыярдуу жүрүп, бир адам эки ирет алууга тийиш. Анын себебин иммунолог Орозгүл Таирова мындайча түшүндүрдү.
«Вакцина бир дозалуу. Демек, бир адам эмделет. Мисалы, бүгүн алса, 21 күндөн кийин экинчи дозасын алат. Себеби биринчи дозасын алгандан кийин адамдын организминде иммунитет жетишсиз болот. Ошол үчүн эки жолу берилет».
Эмдөө жапрыт башталганы менен социалдык тармактарда кытай вакцинасы тууралуу түрдүү билдирүүлөр тарап баштады. Анда “Синофарм” вакцинасынын курамынан күмөн санап, ишенбөөчүлүк билдирүүдө. Ал арада дарыгерлер арасында да эмдөөдөн баш тарткандар катталып жатканы боюнча маалыматтар бар.
«Медиктердин арасында баш тарткандарды «Бул киши» деп атап айта албайм. Кээ бирлери баш тартышы мүмкүн. «Башкалар алып көрсүн» дегендер бирин-серин болсо керек. Туура эле түшүнөбүз. Баарыбыз эле алабыз деп жатабыз. Эл менен көп байланышта медиктер болот эмеспи», -дейт Ош шаардык Санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Санталат Орозбаева.
75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Азыркыга чейин 65 өлкөдө 12 миллион адам эмделген «Sinopfarm» вакцинасын Кытай өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары акысыз берген. Cаламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөгө Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасы май-июнь айларында келиши күтүлүп жатат. Буга чейин Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын алары айтылган эле.
Оставьте первый комментарий