Ош шаарындагы мектепте ата-энелер талапкер менен эмнеге жолугушкан? Видео

Ош шаарындагы М. Фрунзе атындагы мектепке ата-энелер чогултулган. Алар менен жолугушууга кайсы бир партиянын талапкери барган. Бул тууралуу «Т-Медиага» жеке булактар билдирген.

Биздин редакция жерине барган учурда, мектептен ата-энелердин чыгып бара жатканын көргөн. Алардын артынан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Ош шаардык кеңешине талапкер Жасур Азимов да чыккан.

Биздин журналист талапкерден эмнеге бул жерге келгенин сураган.

«Мен талапкермин. Бул жерде иштейм, штабым бар. Ооба, мектепке кирдим. Чогулуш болгон жок. Ата-энелер өздөрү мени чакырышты. Алар, бул жерде бала бакча көйгөйлөрү бар экенин, ошол маселесин чечип беришимди суранышты. Ошого мени чакырып, кайрылышты. 2016-жылы ушул округдан депутат болгом», — деген Жасур Азимов.

Ал эми бул жагдай боюнча мектеп директоруна кайрылдык. Ош шаарындагы М. Фрунзе орто мектебинин жетекчиси Абдирашид Мирзаев, мектепке ата-энелер 3-чейректин жыйынтыгын талкулоо үчүн чогултулганын  айтты.

«3-чейректин жыйынтыгы боюнча жыйын болду. Мен ата-энелер, класс жетекчилерден кийин кирдим. Көйгөйлөр, жетишкендиктер боюнча сүйлөшүшөт. Мени жөн эле чакырышты. Ата-энелер фонду жана башка тармактар боюнча талаштар, түшүнбөстүктөр болуп кетпесин деп келдим. Вице-мэр келиптир. Үгүт болушу мүмкүн эмес. Ата-энелер да кете элек экен. Кимди  тандаса өз эрки», — дейт  Абдирашид Мирзаев.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 орунга тогуз саясий партиядан 702 талапкер ат салышып жатат. Шайлоо 11-апрелде өтөт.

Үгүт иштери башталганга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп иштеп келе жаткан Жасур Азимов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында 47-тизме менен шаардык кеңешке бара жатат.

Буга чейин былтыркы шайлоо өнөктүк учурунда аталган М. Фрунзе орто мектебинин ошол учурдагы  директору Дана Абдувахапова шайлоого байланыштуу иштен алынганын айтып чыккан.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*