Прокуратура: Тез жардам унааларын сатып алууда мамлекетке 18 миллион сом зыян келген

Саламаттык сактоо министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынан алынган насыянын эсебинен тез жардам унааларын  мыйзам бузуу менен сатып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 21-сентябрына карата «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишимдер жок болгондугуна карабастан, Саламаттык сактоо министрлиги аталган долбоордун келишимдердин алкагында деп 66 даана тез жардам автоунааларын ар бирин 2 924 267 сомдон сатып алуу жөнүндөгү негизсиз протоколдук чечим кабыл алган.

2020-жылдын 21-октябрында Саламаттык сактоо министрлиги «В» ЖЧКсы менен «Газель Соболь 4х4» үлгүсүндөгү 66 даана тез жардам автоунааларын сатып алуу үчүн 193 001 222 сомго (ар бири 2 924 267 сом) келишим түзгөн. 

«Ошондой эле, автоунаалар Россия мамлекетинде чыгарылганын, ал жакта орус акчасы «рубль» колдонулганын эске албастан, аталган келишимде 66 даана автоунаалардын жалпы баасы 2 504 898 АКШ доллары (ар бири 37 953 АКШ доллар) деп кошумча көрсөтүлгөн жана АКШ доллардын курсу келишим түзүлгөн күнгө карата эмес 2020-жылдын 8-августундагы кыргыз сомуна карата негизсиз алынгандыгына байланыштуу ар бир автоунаанын баасы 94 232 сомго жогорулаган», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, Саламаттык сактоо министрлиги келишимдин шартына ылайык «В» ЖЧКсы автоунааларды өз убагында камсыз кылбагандыгына байланыштуу 3 465 151 сом туумду кармап калып, 189 536 470 сом которгондун ордуна АКШ долларынын курсу менен 208 513 151 сом которуп, мамлекетке 18 976 681 сом өлчөмүндө зыян келтирген. 

Материалдар Жазык Кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен КЖБРге катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*