«Коопсуздук-2021»: Баткенге коменданттык саат киргизилет

Сүрөт: Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы

Баткен шаарына жана Баткен районуна 1-апрелден 3-апрелге чейин аскердик машыгууларга байланыштуу коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 1-3-апрель күндөрү Баткен районунун Бужум айылында биргелешкен “Коопсуздук — 2021” аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар өтөт. Мындан улам, Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блок-посттор коюлат. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет.

«“Коопсуздук — 2021” командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу мезгилинде жарандар тарабынан кооптонууга негиз жок. Сиздерден тартипти сактап беришиңиздерди суранабыз»— деп айтылат маалыматта.

Милициядан кошумчалашкандай, машыгуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралбайт.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*