
Кыргызстанда өткөн бир сутка ичинде коронавирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Илдеттен 70 бейтап сакайып чыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарында бир киши көз жумду.
Ооруну жуктуруп алгандар Бишкекте — 61, Чүй облусунда — 44, Нарында — 3, Ысык — Көлдө — 5 адам. Калган аймактарда коронавирус жуктургандар катталган жок. COVID-19 илдетинин жогорку көрсөткүчтөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталып жатат.
Өлкөдө өткөн жылдын март айынан бери оору жуккандардын жалпы саны 88 726га жетти. Алардын 84 723ү сакайып чыкты. Каза болгондор — 1498.
Учурда стационарда дарыланууда – 530, амбулатордук дарыланууда — 577 бейтап бар. Анын ичинен 115 бейтаптын абалы оор, 22си өтө оор абалда.
Оставьте первый комментарий