Кыргызстанда ундун баасы бир жылда 12 пайызга кымбаттады. Инфографика

Кыргызстанда бир жыл ичинде жогорку сорттогу буудай уну 13,2 пайызга, биринчи сорттогу ун 10,8 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингинин негизинде билдирди.

Учурда өлкөдө жогорку сорттогу буудай унунун 1 килограммы 48,45 сомдон, ал эми биринчи сорттогу буудай уну 38,97 сомдон сатылып жатат.

Улутстаткомдун маалыматына ылайык ундун баасы быйыл орточо эсеп менен 12%га кымбаттаган. Жогорку сорттогу ундун эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында  — 16,4 пайызга, Токтогул шаарында — 8,9 пайызга өстү. Ал эми биринчи сорттогу ун Балыкчы шаарында — 18,4 пайызга жана Исфана шаарында — 15,2 пайызга жогорулаган.

Белгилей кетсек, мекеме буга чейин Кыргызстанда  бир жылда өсүмдүк майы — 54,6%, картөшкө — 46,3%, жумуртка — 35,4%, эт — 27,5% кымбаттаганын билдирген. Азык-түлүктөн тышкары курулуш материалдарына, машине тетиктерине жана кийим-кечеге болгон баа да өскөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*