Ош: бассейнде өспүрүмдөрдүн белгисиз затка ууланганы иликтенип жатат

Ош шаарында жети өспүрүмдүн жана эки ата-эненин бассейндеги белгисиз затка ууланганы боюнча иш териштирилип жатат. Милиция окуя 27-мартта болгонун, алар ооруканага түшкөнүн билдирди. 

Шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны Жазык кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен  каттады. Мекеменин басма сөз катчысы Абсатар Тавакаловдун «Т-Медиага» билдиришинче, балдар сууну тазалоодо колдонулуучу хлорго ууланышы мүмкүн.

«Алар 27-март күнү саат 13:30 чамасында бассейнге эс алууга барып, 18:30да чыгып кетишкенин билдирди. Үйүнө барганда ден соолуктары начарлап, ооруканага кайрылышкан. Алар үйдө дагы, бассейнде да эч нерсе жебегенин айтышкан. «Классик» бассейнин администратору сууну тазалоо үчүн хлор, химиялык заттар кошуларын билдирип, балдар ошондон ууланып калышы мүмкүн экенин айтты. Далил буюм катары бассейнден 2 литр суу алынды. Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз». 

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кутбидин Бекадиев алардын ичинен экөө абалы туруктуу болгон үчүн ошол эле күнү үйүнө жөнөтүлгөнүн билдирди.  Калгандары ооруканага жаткырылып, эртеси абалдары турукташкан соң үйүнө жиберилген.

Буга чейин Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында тамакка ууланып эки киши каза тапкан.  Алардын бири Нариман ооруканасында 10-мартта, экинчиси Ош шаарындагы ооруканада 11-мартта үзүлгөн.

Ал эми 2-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алты киши ууланып каза тапкан. Мейманга баргандан кийин өзүн начар сезип, ооруканага жаткандар уулануунун себебин суу кошулган спирттен көрүшкөн.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*