Ошто жеке менчикке өтүп кеткен балдарды дарылоо борборунун жери мамлекетке кайтарылды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен жаш балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы 2 млн 614 миң 900 сомду түзгөн жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. 

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 10-апрелиндеги чечими менен Ош шаардык мэриясы менен С.К. аттуу жарандын ортосундагы жер тилкени сатуу жөнүндөгү соода-сатык келишими жокко чыгарылган. Акт жараксыз деп табылган.

«Ушул жылдын 19-мартында Ош шаардык прокуратурасы жергиликтүү бийликке, аталган жер тилкени муниципалдык баланска алуу жөнүндө талап келтирген. 26-марттан баштап жаш балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын прокуратурасы,  жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жерлерди кайрадан мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттер улантыларын кошумчалайт.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*