Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Сүрөт: "Чоң казат" партиясынын басма сөз кызматы

Финполициянын мурунку жетекчиси Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн 30-мартта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы премьер-министрдин токтому менен жоюлган. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев жумушсуз калган эле.

Кийин ага президент Садыр Жапаров «Финансы полициясынын генерал-майору» наамын берген.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев өткөн жылдын 17-октябрында Финполициянын жетекчиси болуп дайындалган. Ага чейин 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Чоң-Казат» партиясы менен ат салышкан.

Ал Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деген билдирүүлөрү менен таанымал болгон.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*