Токтогулда жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Токтогул райондук прокуратурасы баасы 1 млн  200 миң сомго бааланган 0,60 га жер аянтын айыл өкмөттүн балансына кайтарды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Токтогул районунун  Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-мартындагы жана 7-апрелиндеги чечими  менен айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери эки жаранга менчикке берилип кеткен.

Жогорудагы чечимдердин негизинде «Кадастр» мекемеси  тарабынан 2015-жылдын 26-февралында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Токтогул райондук прокуратурасы мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө Жалал-Абад облустук сотуна доо арыздар келтирип, соттук кароонун жыйынтыгы менен арыздар канаатандырылган.

 

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*