УКМК: Жалил Атамбаев бюджетке дагы 50 млн. сом төлөдү

Сүрөт: 24.kg

Мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталып кармалган Жалил Атамбаев Ички иштери министрлигинде иштеп жүрүп ишкерлик менен алектенип 100 млн. сомдук мүлккө ээ болуп, аны туугандарына каттатып койгону тергөөдө аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. 

УКМКнын  маалыматы боюнча, Атамбаев тергөө менен кызматташуунун алкагында 29-мартта 50 млн. сом төлөп берген. Атайын кызмат муну менен ал кылмыш ишинде мамлекеттик бюджетке 100 млн. сом чыгым келтиргенин белгиледи.

«Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт», -дейт УКМК.

Ишкер Жалил Атамбаев 4-мартта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бир күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун мамлекеттик бюджетке төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен. Анын алкагында Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салган.

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси жана мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталганы кабарланган.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*