Чек ара: Кара-Суу районунун 50дөй тургуну нааразычылыкка чыгышты

Бүгүн, 1-апрелде Кара-Суудагы Савай айыл аймагынын 50дөй тургуну район администрациясынын имаратынын жанына чогулушту. Алар аталган айыл өкмөттүн Ынтымак айылындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршылыгын билдиришүүдө. 

Нааразычылыкка чыккандар айылдагы 50 гектар жер алардын жайыты экенин айтып, коңшу өлкөгө бербөө талаптарын коюшту. 

«Биз өткөндө Камчыбек Ташиевдин Өзгөндө, андан мурун Баткенде болгон эл менен жолугушуулардагы сөздөрүн уктук. Ошондо биздин айылдагы 50 гектар жер бериле турганы дагы айтылды. Буга биздин айыл каршы. Анткени, ал биздин жайыт жерибиз. Малдарыбызды жазында жайлоого кеткенге чейин ошол жерлерде багабыз. Биз 50 гектар эмес, 1 сотых да жер бербейбиз деп келдик. Бизге реалдуу чечип беришсин. Элдин да пикирин угуп коюшсун», — деди  Ынтымак айылынын тургуну Мырзабек Култаев. 

Чогулгандардын дагы бири Фархад Абилов жер алмаштырууга каршылыгынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«Биз бул маалыматты угуп, каршы болуп жатабыз. Бийлик өкүлдөрүнө, президенткке кайрылып келдик. Элдин атынан өкүлдөр жыйналдык. Ал жер биздики. Эгерде бул тилке коңшу өлкөгө өтүп кетсе, бизде быйыл болбосо да кийин суу көйгөйү жаралат. Эң негизгиси ал жайыт жер, суунун башы».

Нааразычылыкка чыккандарды 1 сааттан кийин акимдин орун басары, айыл өкмөт өкүлдөрү менен кабыл алды.

«Силерди уктук. Бул жагдай бир гана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек. Кайсыл жерден берилиши азырынча белгисиз. Азыр протоколго баары жазылып жатат. Биз тиешелүү жактарга, өкмөткө, чек ара боюнча өкмөттүк коммиссияга жеткиребиз. Өзүбүз чек ара маселесине кийлигише албайбыз. Аларга кат аркылуу баарын жиберебиз», — деди Кара-Суу районунун акиминин орун басары Капар Адиев.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин билдирген:

«Орто-Токой суу сактагычынын 800 гектар жери Кыргызстандын аймагында турат. Анын 95%ын Өзбекстан колдонот. 5%ын гана Кыргызстан алат. Демек, ошол 800 гектардын ордуна Өзбекстан Кыргызстанга башка жер бериши керек деген талапты койдук. Буга чейин 200 гектар жерди берген экен. Калганын дагы бересиңер десек, өзбек тарап Көк-Серек, Баястан, Үнкүр-Тоо айылдарын көчүрүп чыккыла дейт. Карта боюнча ал айылдар Өзбекстандыкы. Суу сактагычтагы жер үчүн ошол айылдарды биз өзүбүзгө жаздырып алдык».

Мындан сырткары, Кара-Суу районундагы чек ара 100 гектар Өзбекстан тарапка жыла турганын, ошондой эле Өзгөн, Сузак районунун аймагы да 1000 гектарга кеңейе турганын кошумчалаган.

25-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык протоколго кол коюлган. Ага ылайык кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Бул жолугушуудан кийин Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилди деп билдирген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо