Эски жүздөр жаңы лидер боло алабы? «Ата-Журт Кыргызстандан» Ош шаардык кеңешине аттангандардын тизмеси

Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 87 мүчөсү менен бара жатат. Партиянын шайлоо алдындагы баннерлериндеги урааны «Жаңы лидерлер, жаңы жашоо». Бирок, тизме менен таанышсак партиядан-партияга секиргендер, бийликчил делген партияда жүргөндөр, ири курулуш компаниялардын ээлери жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер менен толукталган.

Партияны Ош шаардык кеңешине Сонунбек Жунусбаев баштап баратат. Ал шайлоо өнөктүгүнө чейин Ош шаарындагы Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгын жетектеп турган.

Сонунбек Жунусбаев саясатка 9 жыл мурун аралаша баштаган. 2012-жылы Ош шаардык кеңешине ошол убактагы мэр Мелис Мырзакматовдун партиясы делген «Улуттар Биримдиги» менен депутат болуп барган.

Мөөнөтү бүткөн соң 2016-жылы Өмүрбек Бабановдун «Республика-Ата-Журт» партиясына кошулган. Бирок мандат ала алган эмес. Ал эми былтыркы жылдагы шаардык кеңешке бийликчил делген «Биримдик» партиясы менен аттанган. Бирок коронавирус илдетине байланыштуу үгүт өнөктүгү учурунда шайлоо токтотулган. 2020-жылдын күз айындагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын акцияларынын натыйжасында бийлик алмашкан. Ал эми быйылкы Ош шаардык кеңешине шайлоого Жунусбаев, «Ата-Журт Кыргызстанды» баштап баратат. 

«Жаңы лидерлер, жаңы жүз» деген ураан менен бараткан партиянын тизмесинде жаш болгону менен бирок бир нече партия алмаштырганга, секиргенге үлгүргөндөр топтолгон.

«Ата-Журт Кыргызстандын» тизмесин дагы бир мэриянын жетекчилик кызматындагы Дөөлөтбек Көкөчөров толуктайт. Ал көп жылдан бери «Ош шаардык суу чарба» ишканасын жетектеп келет. Бирок шаарда таза суу дагы деле көйгөй. Жаан жааган сайын суу токтоп, шаардыктарды бир топ азапка салат. Жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын жардамы менен бир нече долбоорлорду тартканы менен бул маселе чечилбей келет.

Дөөлөтбек Көкөчөров да буга чейин шаардык кеңешке ошол убакта калааны башкарган Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдигинен» депутат болгон. Былтыркы токтотулган шайлоо учурунда «Биримдиктен» аттанган. Быйыл болсо «Ата-Журт Кыргызстандан» бара жатат.

«Биримдиктен» «Ата-Журт Кыргызстанга» айлангандар.

Былтыры Ош шаардык кеңешине «Биримдик» партиясы менен аттанган журналист Хулькар Исамова быйыл «Ата-Журт Кыргызстанды» тандаган. Алардын катарында юрист Болот Баетов, «Ош Тазалыктын» жетекчиси Нурбек Исмаилов, Жылуулук камсыздоо ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов бар. 

Нурбек Исмаилов «Ош Тазалык» ишканасын жетектейт. Спортчу. Былтыркы жылдагы шайлоолорго «Биримдиктин» тизмеси менен депутаттыкка аттанган. Анын аталган партиянын штабында жүргөн видеолору бир нече ирет тараган. 2015-жылдагы шайлоодо «Ата-Журт» партиясынын тизмесинде болгон.

Бекмурза Эргешов өткөн жылдын декабрь айында Оштогу Жылуулук камсыздоо ишканасына жетекчи болуп дайындалды. Ага чейин Ош шаарынын каратэ федерациясынын президенти, Ош шаардык кеңешинин депутаты, Ош шаарынын адистештирилген монтаждоо жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы, Ички иштер министрлигинин МАИнын Ош СМЭУ башчысы болгон. Ал да былтыркы жылы «Биримдик» менен шайлоого барган. Быйыл болсо «Ата-Журт Кыргызстанда».

2020-жылдагы парламентик шайлоого «Биримдиктин» тизмеси менен катышкан «Эмаком» курулуш компаниясынын директору Эмилбек Жусуповдун агасы, Мелисбек Жусупов да «Ата-Журт Кыргызстанды» жандады. Алар ээлик кылган компания шаарда мыйзам бузууларга жол берилгени айтылган курулуштары менен таанылган. 

Нурлан Тиленчиев osoo.kg сайтында «Жанат» спорт кулубунун директору деп көрсөтүлгөн. Ал эми БШКнын сайтында «Ош Тазалык» ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы деп жазылган. Былтыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо «Бирикте», парламенттикте «Биримдикте» жүргөн.

                  «Республика Ата-Журт», «Кыргызстандан», «Ата-Журт Кыргызстанга».

Мындан башка, «Ата-Журт Кыргызстандын» катарын учурдагы депутаттар Бекболот Арзибаев, Нурзаман Алимбеков, Жыргалбек Тажибаев, Салман Назылбеков, Темирбек Жунусов толуктайт. Арзибаев менен Жунусов буга чейин «Республика -Ата-Журттан» депутат болгон. Нурзаман Алимбеков, Салман Назылбеков, Жыргалбек Тажибаев «Кыргызстан» партиясынан өтүшкөн. 

«Республика Ата-Журттан», «Ата-Журт Кыргызстанга» оогондордун катарын бир гана депутаттар эмес Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов да толуктайт. Ал буга чейин «Республика Ата-Журттун» тизмесинде болсо быйыл «Ата-Журт Кыргызстандан» бара жатат.

Аталган партиянын катарын «Газпром Кыргызстандын» Оштогу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчиси, автовокзалдын башкы директору, жашылдандыруу комбинатынын жетекчи орун басары, муницапалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, суу чарбанын кызматкерлери, орто мектептердин, ЖОЖдордун мугалимдери, дарыгерлер, шаарга караган айылдардын башчылары толуктайт. Кызыгы былтыры пандемияга байланыштуу токтотулган шайлоого «Биримдиктен» катышкандардын 20дан ашуунун тизмесин ушул партиядан көрүүгө болот. Айрымдарынын тизмедеги орундары да алмашкан эмес.

«Т-Медиа» Ош шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан башка партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн микрофон сунууга даяр.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо